Учактын кыймылдаткычы кароосуз жатабы? "Манаска" жакын жерден тартылган видео

Мындан мурдараак интернет айдыңында видео пайда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортунан аталган жайдан алыс эмес жерде жаткан самолёттун бир бөлүгү (кыймылдаткычы) боюнча түшүндүрмө беришти.
Мындан мурдараак интернет айдыңында таңгалган жарандын учактын кароосуз жаткан бөлүгү боюнча видеосу пайда болгон.
Аба майданынан бул "Эйр Кыргызстан" компаниясына караштуу Boeing 737-200 учагынын кыймылдаткычы экендигин айтышты. Учурда бул фирма боюнча банкроттук жараяны жүрүп жатканын билдиришти.
Компания мүлктөрүн, анын ичинде учагын июль айында саткан. Бүгүн "Эйр Кыргызстандын" өкүлдөрү аэропорттун аймагынан суроо жараткан кыймылдаткычты алып чыгып кетишкен.
Кыргызстан Эл аралык жарандык авиациянын аудитинен ийгиликтүү өттү