Өлкөдө инфляция жайлайт. Аналитиктердин божомолу

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстанда жакынкы жылдары инфляциянын темпи жайлайт деген божомолду Евразиялык өнүктүрүү банкынын аналитиктери берип жатышат.
Жылдын жыйынтыгы боюнча, анын деңгээли 8,9 пайыз деп күтүлүүдө.
"2024-жылдын соңунда инфляция деңгээли 7,8 пайызга чыгып, басаңдайт. Жыл башында жогорку суроо-талаптан улам жана эгиндин, күйүүчү-майлоочу майлардын импортунун баасы өскөндүгүнө байланыштуу жогорулоону күтөбүз. Жаңы түшүмдөн кийин муктаждык төмөндөп, инфляциянын жай темпке өтүшү байкалат", — деп айтылат аналитиктердин докладында.
2025-2026-жылдары инфляция коюлган ченемдин деңгээлинде болору белгиленген (Улуттук банк 5-7 пайыздын тегерегинде деп жатат).
"Орто мөөнөттөгү мезгилде баанын өсүш темпинин жайлашын күтөбүз. Азыктардын дүйнөлүк баасы боюнча кырдаал Кыргызстандагы инфляциялык басымдын алсырашын шарттайт жана ал процесс уланат. Мунайдын наркына болгон басым да бул учурда басаңдайт. Суроо-талаптардын активдүүлүгү калыбына келип, ички бааларга таасирин тийгизбейт калат", — деген жыйынтык чыгарган аналитиктер.
Россиядагы эгиндин рекорддук түшүмү Кыргызстанда инфляциянын төмөндөшүн шарттайт