Элчи: РФ Кыргызстанда социалдык-экономикалык туруктуулукту сактоого көмөктөшүүдө

Элчи санкция саясатында Бишкек тең салмактуу, кызматташууга ачык позицияны карманып жатканын айтып, Москва мындай мамилени колдой турганын белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргызстан менен Россия ар тараптуу кызматташууну өнүктүрүүгө умтулат. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко Россиялык мекендештердин VII жаштар конференциясында билдирди.
Иш-чаранын катышуучуларына кайрылып жатып ал активдүү коомдук иш үчүн жакшы шарттар сакталып калганын белгилеген.
Анын айтымында, санкция саясатында Бишкек тең салмактуу, кызматташууга ачык позицияны карманууда. Москва мындай мындай мамилени колдойт.
"Өз кезегинде Россия да Кыргызстанда социалдык-экономикалык туруктуулукту сактоо үчүн экономикалык долбоорлорду ишке ашырып, гуманитардык акцияларды өткөрүп көмөктөшүүдө", — деди Удовиченко.
Ал мартта кыргыз тарапка өрт өчүргөн 40 техника, октябрда тик учак, декабрда медиктер үчүн 100 автоунаа берилгенин эске салды.
Кыргызстан менен Россиянын достугуна арналган сынактын жыйынтыгы чыкты