Кыргызстан менен Россиянын достугуна арналган сынактын жыйынтыгы чыкты

Жеңүүчүлөр "Мыкты мектеп долбоору" жана "Мыкты ачык сабак" деген эки номинация менен аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Кыргыз улуттук университетинде "Россия жана Кыргызстан: достук менен ишенимдин аймагы" эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтүүдө.
1 / 3

Кыргыз улуттук университетинде "Россия жана Кыргызстан: достук менен ишенимдин аймагы" эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өтүүдө

2 / 3

Сынак эки өлкө ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды талкуулап, жетишкендиктердин тарыхын сактоо үчүн аянтча катары иштелип чыккан.

3 / 3

Алып баруучулар сынакка катышуу үчүн 120 арыз келип түшкөнүн айтып, жеңүүчүлөр "Мыкты мектеп долбоору" жана "Мыкты ачык сабак" деген эки номинация менен аныкталганын белгилешти.

Сынак эки өлкө ортосундагы тарыхый жана маданий байланыштарды талкуулап, жетишкендиктердин тарыхын сактоо үчүн аянтча катары иштелип чыккан. Алып баруучулар сынакка катышуу үчүн 120 арыз келип түшкөнүн айтып, жеңүүчүлөр "Мыкты мектеп долбоору" жана "Мыкты ачык сабак" деген эки номинация менен аныкталганын белгилешти.
"МИР Восток" фондунун камкорчулар кеңешинин төрагасы Валентина Комлева Россияда гуманитардык долбоорлорду колдогон уюм бар экенин билдирди.
"Биз университет, мектеп, чыгармачыл топтор менен иштешебиз. Негизги милдет — достук байланыштарды жана мугалимдер менен жаштардын чыгармачылык демилгелерин колдоо", — деген ал.
Кыргызстандагы өзөктүк медицина. Ракты дарылоого "Росатомдун" көмөгү