Элдик курултай ишин баштады

Курултай быйыл экинчи ирет өтүп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бишкекте Элдик курултай өз ишин баштады.
Иш-чара Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтүп жатат. Ага президент Садыр Жапаров баштаган бийлик өкүлдөрү, өлкөнүн ар аймагынан келген делегаттар катышууда.
Буга чейин мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов быйыл Курултайга 700 делегат келерин, былтыркыдай ардактуу коноктор чакырылбай турганын билдирген. Анын айтымында, курултай маселелерди реалдуу чечкен, жумуш алып барган аянтча болот. 700 кишинин 640ы ар аймактын өкүлдөрү, этностук өкүлчүлүктөрдөн — 30, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 30 делегат катышат.
Эскерте кетсек, 2022-жылы өткөн биринчи Курултайга 1 072 делегат катышып, ардактуу коноктор чакырылган.
Мамкатчы Касмамбетов быйыл Курултай кандай өтөрүн айтты