Радио

Климаттын өзгөрүшү адамзаттын ден соолугуна кандай таасир этет

Коомдук саламаттык сактоо улуттук институтунун директору Жаркынбек Касымбеков температуранын кескин жогорулашы, абанын кирдеши жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларын шарттап жатканын айтты.
Sputnik
Климаттын өзгөрүшү суу аркылуу же курт-кумурскалар жана башка жандыктар аркылуу жугуучу оорулардын тарашына себеп болот. ДССУнун башчысы белгилегендей, учурда ар бир төртүнчү адам өлүмү глобалдык жылуулуктун айынан болууда. Бул тууралуу Жаркынбек Касымбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыр экологиялык абалдан улам дүйнөдө 1,2 миллиард адам өз коопсуздугу үчүн жер которууга муктаж.
"Климаттын өзгөрүүсү, глобалдык жылуулук — бул жалпы адамзат үчүн орчундуу маселе. Бизге түз жана кыйыр түрдө таасир этет. Алсак, аба ырайынын, атмосфералык басымдын өзгөрүшү, таза суунун азайышы адамдын ден соолугуна түздөн-түз терс таасир берсе, токой өрттөрү, кургакчылык жана суу ташкындары көптөгөн өмүрлөрдү алып, ошону менен бирге тамак-аш коопсуздугуна коркунуч тудурууда. Температуранын кескин жогорулашы, абанын кирдеши жүрөк-кан тамыр жана дем алуу органдарынын ооруларын шарттап жатат. Ал эми ыш аллергиялык реакцияны пайда кылган чаңчалардын жана башка заттардын концентрациясынын көбөйүшүнө алып келет. Бул өз кезегинде астма оорусунун пайда болуу коркунучун жогорулатат. Биз баарыбыз коркунучтабыз. Бирок кош бойлуу аялдар, жүрөк жана өпкө оорусу бар адамдар, жаш балдар, улгайган адамдар тобокел тобунда. Көрүнүп тургандай, бул өзгөрүүлөр бардык тирүү жан жабыр тарткан терс көрүнүштөрдү шарттайт. Коркунучтарды азайтуу үчүн айланабызда болуп жаткан өзгөрүүлөрдөн кабардар болуу абдан маанилүү. Келечек муундун саламаттыгы биздин ден соолугубуздан көз каранды. Өзүбүзгө кам көрүү менен биз айланабыздагы адамдарга гана эмес, бүткүл планетага жардам беребиз", — деди Касымбеков.
Ал жакынкы 2030-жылга чейин кескин алдын алуу чаралары көрүлбөсө климаттын өзгөрүшүнөн улам 1,4 миллиард адамдын саламаттыгы начарлашы божомолдонуп жатканын кошумчалады.