Иран 32 өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин бир тараптуу жокко чыгарды

Виза режими кайсы өлкөлөр үчүн жокко чыгарылганы такталган эмес. Бирок айрым маалымат булактарында тизмеде Кыргызстан дагы бар экени көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Ирандын маданият министри Эззатулла Заргами өлкөнүн министрлер кабинети 32 өлкөнүн жарандары үчүн виза режимин бир тараптуу жокко чыгаруу чечимин кабыл алганын билдирди. Бул тууралуу ИРНА агенттиги жазды.
Мындай демилгени алгач өлкөнүн Маданият министрлиги көтөрүп чыккан. Заргами Иран бүткүл дүйнөгө эшигин ачуу ниетинде экенин билдирди.
Виза режими кайсы өлкөлөр үчүн жокко чыгарылганы такталган эмес. Бирок айрым маалымат булактарында тизмеде Кыргызстан дагы бар экени көрсөтүлгөн.
Январда Пекин — Бишкек — Пекин аба каттамы ачылат