БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" диспетчерлерди жумушка чакырат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, жумушка 20дан 40 жашка чейинки кыз-келиндер алынат. Иштөө графиги бир сутка иштеп, үч сутка эс алмай. Компьютер колдонууну жакшы өздөштүргөндөргө артыкчылык берилет, тажрыйбасы жокторго баары үйрөтүлөрү айтылды.
Бардык суроолор боюнча 0505690805 номерине кайрылууга болот.