Кечинде Бишкектеги "Ала-Тоо" аянты жабылат. Себеби

Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Бүгүн саат 18:00дөн тарта "Ала-Тоо" аянты жабыла турганын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
Тагыраагы, Чүй проспектинин Панфилов көчөсүнөн жана Эркиндик бульварына чейинки бөлүгү унаалар үчүн жабык болот.
"Чектөө саат 18:00дөн тарта киргизилет. Ал эми саат 19:00дө Кыргызстандын башкы балатысынын оту жанат. Борбордук көчө иш-чара бүткөнчө жабык болот", — деп айтылат кабарда.
Милициянын кайгуул кызматы келтирилген ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, башка жолдор менен жүрө турууну өтүндү.
Бишкекте Жаңы жылда салют атылабы? Мэриянын жообу