Кыргыз күлүктөрүнүн потенциалы чоң, бирок аны колдоно албай жүрөбүз. Бул тууралуу Айнура Эргешова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эл аралык жарыштарга катышуу үчүн мамлекет тарабынан финансылык колдоо болбой жатат.
"Соңку убактарда асыл тукум мал чарбаларын өнүктүрүү максатында жер берилүүдө. Бирок жылкы чарбалар аттестациялоодон өтө албай калууда. Анткени талап боюнча, чарбада 20дан ашык асыл тукум бээ болушу керек. Кыргыз породасын, таскактарды жайыттарда 20дан ашык кармаса болот. Бирок англис таза кандуу жылкылар сезимтал келип, жайытта кармалбайт. Колдо багууга эбегейсиз каражат керектелет. Мисалы, уй, кой асыл тукум чарбалары сүт, эт, жүн сатып киреше табат. Ал эми күлүк кармагандардын чыгымы көп, бирок пайда көрбөйт. Ошондуктан бул багытта жеңилдиктерди кароо зарыл. Негизи кыргыз күлүктөрү алыс аралыкка чуркайт, потенциалы чоң. Ал эми эл аралык мелдештен жеңсе баасы өсүп, кыргыз жылкысын жайылтууга, аны экспорттоп киреше табууга дагы шарт түзүлөт эле. Тилеке каршы, бул багытта мамлекеттик колдоо болбой, жакшы натыйжаларга жете албай жүрөбүз. Мына ошол максатта, тактап айтканда, асыл тукум жылкы чарбасын жана ат спортун өнүктүрүү менен кыргыз жылкысын кеңири жайылтуу максатында 16-декабрда "Ак-Кула" ат майданында асыл тукум жылкылардын көргөзмөсү өткөрүлөт. Ага кыргыз, жаңы кыргыз, англис таза кандуу, таскак, көк бөрү үчүн жылкылар жана оор салмактуу болуп, жылкынын алты түрү алып келинет. Мындан тышкары, ахалтекин тукумун алып келүү боюнча макулдашуулар жүрүүдө. Көргөзмөдөн кийин аукцион уюштурулуп, каалоочулар жылкы сатып алууга мүмкүндүк алышат", — деди Эргешова.
Ошондой эле ал өлкөдө асыл тукум жылкылардын наркы эки миң доллардан тартып 100-200 миң доллардын тегерегинде болуп жатканын кошумчалады.