БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы ишенимдүү адамдар билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, жоголбой эле аны УКМК кармап кеткен.
Комитеттин маалымат кызматы бул кабарды тастыктады. Билдирмеге караганда, ал Кылмыш-жаза кодексинин "Диний кастыкты козутуу" беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.
Буга чейин Свердлов РИИБине анын уулу кайрылып, атасы Арстанбек Абдылдаев 13-декабрда саат 8:30да чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын билдирген. Мындан улам милиция ага издөө салган.
"Кылмыш иши Абдылдаев социалдык тармактарда жана китеп, брошюраларда диний, диндер аралык кастыкты козутууга багытталган чакырыктарды жасагандыктан козголгон. Ал өзүн "Кудай", "Куткаруучу" деп санап, башка дин, ишеним, көз караштарды төмөн, алсыз деп эсептеген", — деп айтылат маалыматта.
Анын Чүйдөгү жашаган жана лекция өткөргөн жерлеринде көптөгөн адабияттар, тагыраагы, китеп, брошюра жана дептерлер, компьютерлер табылган. Арстан Алай тергөөнүн жыйынтыгы менен УКМКнын тергөө абагына киргизилгени кошумчаланды.
Арстан Алай коомчулукка "Зима не будет" сөзү менен белгилүү. Ал 2017-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.