16-декабрга карата аба ырайы

16-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 15-дек. — Sputnik. Ишембиде күндүз көпчүлүк аймактарда кар жаашы мүмкүн экенин Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүйдө -1...-6, Таласта -3...-8, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 0...+5, Ысык-Көлдө 0...-5 жана Нарында -2...-7 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте -2...-4 жана Ош шаарында +3...+5 градусту көрсөтөт.
Колду чөнтөккө салып баспагыла! Тайгакта жыгылып кетпеш үчүн эске алчу эрежелер