Жаңы 200, 500 жана 1000 сомдуктар "Жылдын банкнотасы" сынагынын лауреаты болду

Бул серия жүгүртүүгө ушул жылдын 10-майында чыккан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Улуттук валютанын бешинчи сериядагы 200, 500 жана 1000 сомдук купюралары эл аралык "Жылдын банкнотасы" аттуу сыйлуу сынактын лауреаты болду. Бул тууралуу Улуттук банктан кабарлашты.
Эскерте кетсек, бул серия жүгүртүүгө ушул жылдын 10-майында чыккан.
"Жылдын мыкты аймактык банкнотуна сынак 4-6-декабрда Шри-Ланкадагы эл аралык High Security Printing конференциясынын алкагында өткөрүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
High Security Printing — банкнота басып чыгаруу, коргоо элементтери сыяктуу маселелерге арналган ар жылы өткөрүлүп келе жаткан ири аймактык конференция.
Мындан тышкары, бешинчи сериядагы жаңы банкноталар БАЭде октябрда өткөн Mint & Print Conference эл аралык конференциясында "Улуттук банктын банкнота чыгаруудагы инновациялык жана ар тараптуу ыкмасын таануу" номинациясында атайын сыйлык алган.
Кыргызстандык купюра өз номиналынан 41 эсе кымбат сатылууда. Себеби