БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Батыштын аткаминерлери тынчтык сүйлөшүүлөр Украинадагы чатакты жөндөй турган бирден-бир ыкма экенине ишенип турушат. Бул туурасында New York Times жазганын РИА Новости билдирди.
"АКШ менен Европадагы бир топ расмий адамдар, анын ичинде Украинаны чечкиндүү түрдө жактагандар акыр аягында барып эле сүйлөшүүлөр кырдаалды жөнгө салуудагы жыйынтык чыкчу бирден-бир ыкма деп эсептеп жатышат", — деп айтылган макалада.
Басылма журналисттеринин пикирине караганда, Украина президенти Владимир Зеленскийдин Вашингтонго жасаган сапары АКШ тарабынан көрсөтүлүп келген колдоо акырындык менен жок болуп бара жатат деген анын саксактоосун көрсөттү.
Киевдин саясатчылары 2024-жылы Россиянын аймактарын басып алууну дагы деле кыялданып келишет, бирок Американын жетекчилери Украина Куралдуу күчтөрүнүн коргонууга өтүшүн чындыкка жакыныраак стратегия деп эсептейт. Бул Зеленскийдин кийинки чабуулу үчүн жаңы армия топтоого убакыттан утушуна керек дешти.
Украина аскерлери согушка НАТО даярдаган жана чет элдик техника менен куралданган аскерлерди салып, беш ай бою Түштүк Донецк, Артемовск жана Запорожье багытында чабуул коюуга аракет кылышты.
Россия лидери Владимир Путин 5-октябрда "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун отурумунда 4-июндан бери каршылаш тарап 90 миң адамынан, 557 танкасынан жана 1900гө чукул сооттолгон техникасынан ажырагандыгын айткан. Ал украиналык контрчабуулдун ийгиликсиз болуп калганын белгилеген.
Россия сүйлөшүүлөргө даяр экендигин бир нече ирет билдиргени менен Киев бийлиги ага мыйзам жолу менен тыюу салып койгон. Кремлден азыр кырдаалдын тынчтык жолуна түшүшүнө эч кандай өбөлгө жоктугун, Москва үчүн атайын операциянын максатына жетүү негизги приоритет бойдон каларын айтышкан.