Россияда Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгүнө тыюу салчу долбоор артка кайтарылды

Депутат күбөлүк берүүгө көзөмөл күчөтүлүп президенттин карындашы да ала албай жатканын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Россиянын депутаттары Кыргызстандын айдоочулук күбөлүгү менен иштөөгө тыюу салуучу мыйзам долбоорун артка кайтарып алды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев билдирди.
Ал Мамлекеттик Думанын парламентарийлери, документтин демилгечиси менен да жолугуп, чакыртып алууга макулдашканын белгиледи. Бирок алар Кыргызстанда айдоочулук күбөлүктү туш келди таратпоо үчүн чара көрүүнү суранган. Маматалиев көзөмөл күчөтүлүп, жадагалса президенттин карындашы да беш жолу экзамен тапшырып ала албай койгонун айткан.
"Россиялык кесиптештер реалдуу түрдө күбөлүк алган адамдардын маалыматтык базасын бере аласыздарбы деп сурашты. Жасалма документ жасап 3000 сомдон саткандар бар экен. Ушул тизмени берүү мүмкүнбү?" — деп кайрылды Маматалиев.
Ички иштер министринин орун басары Адылбек Бийбосунов бул жакында ишке ашарын, ЕАЭБде жалпы база түзүлүп жатканын билдирди.
Россияда мигранттар кантип "кара тизмеге" түшүп калат? Элчиликтин эскертүүсү