БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Владимир Путин жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында өзүнө куюп койгондой окшош "адамдын" монитор аркылуу берген суроосуна жооп берди.
Президентке Санкт-Петербургда окуган "Путинге окшош" студент нейротармак жана жасалма интеллект тууралуу суроо берген. РФ лидери үчүн өзүндөй адамды көрүү күтүүсүз болгону видеодо көрүнүп турат. Ал "бул мага окшогон биринчи адам" деп жооп берген.
"Жасалма интеллектини жана анын жайылышын алдын алуу мүмкүн эмес. Демек, бул багытта лидерлердин бири болуш үчүн болгон күчтү жумшоо керек. Бирок анын аягы кандай болорун эч ким билбейт. Бул маселе боюнча азыртан ойлонгон оң", — деген Путин.