Радио

Финансы министрлиги КФБ аркылуу 2,1 млрд. сомго баалуу кагаз сатат

Кыргыз фондулук биржасынын президенти Медет Назаралиев өлкөнүн финансы тармагы баалуу кагаздар рыногун жолго койгондо тез өнүгөрүн айтты.
Sputnik
Финансы министрлиги ушул жылдын аягына чейин Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) соода аянтчасы аркылуу 2,1 миллиард сомго мамлекеттик баалуу кагаз сатууну пландап жатат. Бул тууралуу Медет Назаралиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында сатылган мамлекеттик баалуу кагаздардын соода көлөмү 500 миллион сомго жетти.
"Өлкөнүн финансы тармагы баалуу кагаздар рыногун жолго койгондо тез өнүгөрүн мамлекет түшүнүп, аны жакшыртуу боюнча аракетин көрүүдө. Мисалы, Финансы министрлиги Кыргыз фондулук биржасынын соода аянтчасында 2023-жылдын 25-26-май күндөрү 12 айлык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык векселдердин жана эки жылдык жүгүртүү мөөнөтү менен мамлекеттик казыналык облигацияларды сатыкка койгон. Учурда КФБда сатылган мамлекеттик баалуу кагаздардын соода көлөмү 500 миллион сомго жетти. Эми декабрдын аягында мамлекеттик баалуу кагаздарды аукционго коюп 2,1 миллиард сом табууну пландоодо. Мамлекеттик баалуу кагаздарды буга чейин көбүнесе коммерциялык банктар сатып алса, эми жөнөкөй жарандар да активдүү катышып инвестиция кыла алат", — деди Назаралиев.
Ошондой эле адис биржанын башкы инвестору мамлекет болсо чет элдик инвесторлорду тартып, аларга кепилдик берүүгө да чоң мүмкүнчүлүк түзүлөрүн кошумчалады.