2025-жылга чейин Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 560 бала бакча ачуу пландалууда

Бала бакчадагы окуу оюнчуктары. Архивдик сүрөт
Беш миңден ашык тарбиячы туруктуу жумуш менен камсыз болору да айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жакынкы бир жарым жылда Кыргызстанда кыска мөөнөттүү 560 бала бакча ачуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жыл жыйынтыгы боюнча отчеттук маалымат жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бакчалар Дүйнөлүк банктын каражатына ачылып, ал жакта 40 миңден ашык бөбөк тарбияланат. Андан сырткары, беш миңден ашык тарбиячы туруктуу жумуш менен камсыз болору белгиленди.
Бул 560 бакчанын ичинен 290унда оңдоо иштери башталганы кошумчаланды.
Бишкек мэриясынын Билим берүү департаментинин башкы адиси Гүзел Турдубаева
Радио
Турдубаева: "Ата-энелер мектеби" ата-эне менен мектептин алакасын чыңдайт