Кыргызстан жеке күзөт уюмдарын чек араны кайтарууга тарта алат

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кыргызстан жеке күзөт уюмдарын чек араны кайтарууга тарта алат. Бул пункт аскердик жаңы доктринада көрсөтүлгөн.
Документке ылайык, жеке күзөт уюмдары аймактык коргонуу, өлкөнүн аскердик жана чек ара коопсуздугун камсыздоо иштерине катыша алат.
Доктрина 16-июлда президенттин жарлыгы менен кабыл алынып, жакында эле Юстиция министрлигинин сайтына жарыяланды.
Өлкөнүн аскердик курулушунун негизги тапшырмалары:
аймактык жана жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын өркүндөтүү;
резервдик түзүлүштөрдү жана жеке күзөт уюмдарын өнүктүрүү. Аларды чек ара коопсуздугун камсыз кылууга, аймактык жана жарандык коргонууну жүргүзүү боюнча милдеттерди аткарууга катышуу үчүн даярдоо;
согуш мезгилинин шарттарында иштөө үчүн экономиканын, мамлекеттик органдардын жана уюмдардын мобилизациялык даярдыгын өркүндөтүү;
өлкөнүн аскердик коопсуздугу менен байланышкан мамлекеттик органдарды материалдык-техникалык жактан камсыздоонун бирдиктүү системасын түзүү.
Кыргызстанда аскерлердин эмгек акысы үч жылда 50 пайызга чейин көбөйтүлдү