Күрөөканаларда пайыздык ставка 2 эсе азайып, талаптар күчөтүлөт. Долбоор

Мыйзам күчүнө кирсе күрөөканалар насыя алган адамдарды кредиттик тарыхы боюнча кара тизмеге киргизүү укугунан ажыратылат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Күрөөканаларда берилген насыянын пайыздык ставкасы 2 эседен ашык азайтылышы мүмкүн. Мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги сунуштады.
Учурда күрөөканаларда күнүнө орточо 0,3 пайыз (0,1ден 0,7 пайызга чейин) менен насыя берилет. Муну жылдык ставка катары эсептегенде 108 пайызга жетип кетүүдө. Долбоордо 47 пайызга түшүрүү демилгеленди.
Министр Данияр Амангелдиев 280 пайыздык ставка коюп алган күрөөканалар да бар экенин айтты.
Мындан сырткары, насыя келишимине канча пайыз менен берип жатканын так жазуу милдеттендирүү каралган. Учурда коюму көрсөтүлбөйт.
Ошондой эле күрөөканалар насыясын төлөй албаган жарандар тууралуу Кредиттик бюрого маалымат берип, кара тизмеге киргизүү укугунан ажыратуу каралган.
Азыркы тапта Кыргызстанда 420 күрөөкана иштеп жатат.
Радио
Финансы министрлиги КФБ аркылуу 2,1 млрд. сомго баалуу кагаз сатат