Кийинки жылы мектептерде китеп тартыштыгы болбойт. Аткаминердин убадасы

Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Кийинки жылы мектептерде китеп тартыштыгы болбойт. Мындай убаданы билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев берди.
Анын айтымында, быйыл бюджеттен китеп чыгарууга 152 миллион сом бөлүнгөн. Учурда "Учкун" басмаканасында окуу куралдарынын эки партиясы басылып чыгып, мектептерге жөнөтүлдү. Дагы эки партиясы даярдалууда.
Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаев андан "2024-жылы китеп тартышыгы болбойбу?" деп сураганда "кудай буюрса" деп жооп берди.
Белгилей кетсек, мурдагы министр Каныбек Иманалиев ушул китеп чуусуна байланыштуу иштен кеткен.
Мындан ары белгилүү адамдардын 100, 150 жана 200 жылдыгы гана белгиленет