ЕАЭБде алкоголь боюнча техрегламент 6 айдан кийин күчүнө кирмей болду

Демилгечилер бул убакта документке техникалык түзөтүүлөрдү киргизип, андан кийин макулдашуу зарыл экенин билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. ЕАЭБде алкоголдук ичимдиктер боюнча техникалык регламент алты айдан кийин – январь айынан эмес, 2024-жылдын июлунан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын маалымат кызматы билдирди.
"Евразия экономикалык комиссиясынын кеңеши Россия тараптын сунушу боюнча ЕАЭБдин "Алкоголдук продукциянын коопсуздугу жөнүндө" техникалык регламентинин күчүнө кирүү мөөнөтүн 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 1-июлуна жылдыруу чечимин кабыл алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Демилгечилер бул убакта документке техникалык түзөтүүлөрдү киргизип, андан кийин макулдашуу зарыл экенин билдирген.
Бажы төлөмдөрүн албай туруу мөөнөтү дагы узартылды. ЕАЭБдеги жаңылыктардан