БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Бишкекте Арстан Алай деген ат менен белгилүү Арстанбек Абдылдаев дайынсыз болуп жатканын Свердлов РИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, милицияга анын уулу кайрылып, атасы Арстанбек Абдылдаев 13-декабрда саат 8:30да чыгып кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканын айткан.
Аталган факт РИИБдин электрондук журналына катталган.
Белгилери: бою 170 сантиметр, чачын ак баскан, кыска.
Үстүнө кара спорттук костюм, бутуна кара кроссовка кийип жүргөн.
Милиция изделип жаткан адам боюнча кандайдыр бир маалымат болсо, 0312 43 32 75, 0558 26 28 29 телефон номерлерине чалууну өтүндү.
Арстан Алай коомчулукка "Зима не будет" сөзү менен белгилүү болгон. Ал 2017-жылы президенттикке талапкерлигин койгон.