Жогорку Кеңеш 2024-жылга республикалык бюджеттин долбоорун жактырды

Кийинки жылы казынанын профицити 10,9 миллиард сом деп бекитилди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары 2024-жылга карата республикалык бюджеттин долбоорун колдоду.
Министрлер кабинети алып келген документке ылайык, казынага түшө турган жалпы киреше 378,4 миллиард сомду, ал эми чыгаша 367,4 миллиард сомду түзөт.
Бюджеттин профицити 10,9 миллиард сом болот. Эми мыйзамдын долбоору президенттин кароосуна жөнөтүлмөкчү.
Аягында өкмөт башчы Акылбек Жапаров президент 2024-2025-жылдары мектеп тартыштыгы көйгөйүн толук чечүүнү тапшырганын айтты.
"Биз сиздер менен чогуу бул бюджетти ашыгы менен аткарабыз", — деп убадалады Жапаров.
Ошондой эле ал өлкөдө тынчтык, ынтымак болсо бюджетте профицит болуп турарын белгиледи.
ӨКМ 73,6 млн. доллар кредит алып авариялык 40 мектептин ордуна жаңысын курат