15-декабрга карата аба ырайы

15-декабрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Жума күнү тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө -3...+2, Талас менен Баткенде -2...+3, Ош, Жалал-Абад облустарында 0...+5, Ысык-Көлдө -1...-6, ал эми Нарында -3...-8 градус болот.
Күндүн табы Бишкекте 0...+2, Ош калаасында +3...+5 градуска жетет.
Колду чөнтөккө салып баспагыла! Тайгакта жыгылып кетпеш үчүн эске алчу эрежелер