БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. УКМК кримтөбөл Рысбек Акматбаевдин өлүмү боюнча кылмыштын бети ачылганын маалымдады.
Атайын кызмат 2006-жылдын 10-майындагы каргашалуу окуяны эске салган. Бул күнү Көк-Жар айылындагы мечиттин жанынан Audi-100 үлгүсүндөгү автоунаа менен белгисиз адамдар Рысбек Акматбаевге куралчан кол салышкан. Акматбаевдин башына жана көкүрөгүнө ок тийип, алган жаракатынан мүрт кеткен.
Ошол учурда укук коргоо органдары Акматбаевди бир эле адам өлтүргөнүн айтып, ал кримтөбөлдү аткан соң автоунаага түшүп шаарды көздөй из жашырганын билдиришкен. Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси "Адам өлтүрүү" (1997-ж. редакциясы) боюнча иш козголгон, бирок белгисиз себептерден кылмыштын бети ачылбай келген.
"УКМК тарабынан жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Рысбек Акматбаевди жок кылууну Камчы Көлбаев, Алмамбет Анапияев, Болот Самсалиев (Боха Казарманский) жана Марат Раимбеков (Рэмбо аты менен белгилүү, дайынсыз жоголгон) уюштурганы аныкталды", — деп айтылат кабарда.
Атайын кызмат Акматбаевди жок кылуу ишин бул адамдардын баары аткарыш керек болгонун айтып, бирок кримтөбөлгө кол салуу учурунда рулду Раимбеков башкарып, унаа артында Көлбаев процессти көзөмөлдөп отурганын кошумчалады.
"Анапияев менен Самсалиев Акматбаевди атып салып, качып кетишкен. Бул фактылар Көлбаевге иштеген киллердин көрсөтмөлөрүнүн негизинде аныкталды. Анын аты-жөнү тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айтылбайт", — деп билдирди УКМК.
Учурда Камчы Көлбаевдин жана анын кылмыштуу топторунун ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жогун аныктоо боюнча иштер уланууда.