БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Россиянын Илимдер академиясынын Демографиялык изилдөөлөр институтунун бөлүм жетекчиси, социология илимдердин доктору Виктория Леденева азыр россиялык жогорку окуу жайлардын көбү чет элдик студенттерди тартуу үчүн программаларын иштеп чыгып жатканын айтты. Бул туурасында Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы видео жайгаштырды.
Леденева Россияга чет элдик студенттердин керектигин белгилеген.
"Биринчиден, бул биздин адамдык капитал. Өлкөбүздүн интеллектуалдык, демографиялык жана адамдык капиталы. Андыктан аларды тартууга басым жасоо керектигин түшүнүшүбүз керек", — деген Леденова.
Илимпоз чет элдик студенттердин көбү РФтеги билим берүүнүн сапатын өтө жогору баалай тургандыгын белгилеген.
"Адатта чет элдик студенттер Россиядан билим алып мекенине кайткандан кийин өз өлкөсүндө квалификациялуу иш таап, ийгиликтүү карьера жасашат", — деген ал.
Леденова чет элдик студенттер Россиянын жогорку окуу жайларын аяктагандан кийин РФте биротоло калышы үчүн аларга иш сунуштоо керектигин айткан.