БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Интернет айдыңында Украина президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляктын жергиликтүү блогерлер менен жолугуп жатканда Украина 2023-жылы жеңишке жетет дегени талкууга алынып, бир катар маалымат ресурстары аны мыскылдап жазышууда.
Жазында, тагыраагы, 4-мартта тартылган видео дүйнөлүк желеге кайрадан чыкты.
"Түз эле түшүндүрөйүн. 2023-жылы баары бүтөт", — деген ал блогер Саша Бонун чатактын качан аяктаары тууралуу суроосуна жооп берип жатып. Бул маалда алардын бири Подоляктан "эркекче убада бересиңби" деген суроосуна тек гана күлүп кутулган.
Бир катар аккаунттардын ээлери видео менен бөлүшүп, шылдыңдаган комментарийлерин жазып, "жылдын бүтөрүнө 19 күн калды" деп убакыт аз калганын эске салышкан.