Окуучулар сууктан улам эки күн аралыктан окушат

Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Катуу сууктан улам Кыргызстандагы мектептер 13-14-декабрь күндөрү онлайн окуй турган болду. Бул туурасында Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.
Кыргызстанда бир нече күндөн бери күн сууктап, аяз күчүнө кирди.
Абанын температурасы бүгүн күндүз Чүйдө -12...-17, Таласта -10...-15, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында -3...-8, Ысык-Көлдө -4...-9, Нарында -11...-16 градус болот.
Бишкекте -14...-16, ал эми Ош шаарында -3...-5 градуска чейин жетет.
Ызгаардуу суук башталат. Кыргызстанда 16-декабрга чейинки аба ырайынын божомолу