Радио

ӨКМ: жыл ичинде жалпы 33 өзгөчө кырдаал катталды

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Азамат Мамбетов 11 айдын жыйынтыгы менен бөлүштү.
Sputnik
Жыл башынан бери келтирилген материалдык чыгым 263 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Азамат Мамбетов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2023-жыл ӨКМ үчүн ары оор, ары кызыктуу жыйынтыкталып жатат.

"Жыл ичинде 33 өзгөчө кырдаал катталды. Тилекке каршы, анын кесепетинен 44 кишиден айрылдык. Келтирилген материалдык чыгым 263 миллион сомду түздү. 2022-жылга салыштырмалуу аталган сумма аз десек болот. Анткени былтыр келтирилген материалдык чыгым 4 миллиарддан ашкан. Ага кыргыз-тажик чек арасындагы чыр көбүрөөк таасирин тийгизген. Бул жыл биздин министрлик үчүн бир тараптан оор, бир тараптан кызыктуу болду. 2023-жылга киргенде эле Кытайдан көптөн күткөн техникалар келди. Андан соң жаз айларында РФ тарабынан 40 өрт өчүрүүчү унаа берилди. Аны кабыл алгандан кийин жай мезгилинде 38 мобилдик госпиталь тапшырылды. Октябрь айында жаңы тик учактарды кабыл алдык. Өрт өчүрүүчү унаалардын саны көбөйдү. Ошондой эле 54 метрлик бийикке чыга турган шатылуу болдук", — деди Мамбетов.

Ал жаңы келген техника келтирилген чыгымдардын азайышын шарттап жатканын кошумчалады.