Пресс-борбор

Кыргызстан туристтик мүмкүнчүлүгүнүн 20 пайызын гана колдонот

Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Кыргызстан өзүнүн туризмдеги мүмкүнчүлүктөрүнүн 20 пайызын гана колдонот. Бул тууралуу Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
Анын айтымында, өлкөнүн кээ бир аймактарында туризм сферасы "уктап" калган.
"Туристтик мүмкүнчүлүктөрүбүздүн 20 пайызын гана колдонуп келебиз. 100 пайыз колдонолу дегенден алысмын, жок дегенде 40-45ке жеткирсек жакшы болмок. Бул нерсе экономиканы көтөрүүгө жана туристтердин агымын көбөйтүүгө жардам берет", — деди Кенжематова.
Ал туризмди өнүктүрүүгө бардык айыл өкмөттөр менен шаар мэрлери көңүл бурушу керектигин белгилеп, буга Каракол, Чолпон-Ата жана Ош шаарларынын иш тажрыйбасын мисал келтирди.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз аймагындагы туризмди өнүктүрсө деген жаңы жыл алдындагы тилегим бар. Биз дагы колдоо көрсөткөнгө даярбыз", — деди Кенжематова.
Пресс-борбор
Кыргызстанга келген туристтердин көбү өзбекстандык, казакстандык жана россиялыктар