Пресс-борбор

Департамент: быйыл Кыргызстандын туризм сектору үчүн ийгиликтүү жыл болду

Өткөн жылы Кыргызстанга 5,5-6 миллион турист келген. Быйылкы жылдын көрсөткүчү андан жогору.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Бул жыл туристтик сектор үчүн ийгиликтүү болду. Келген туристтердин саны былтыркыга салыштырмалуу 700 миңге көп. Бул тууралуу Маданият министрлигинин Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова билдирди.
Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова
Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан. Кенжематованын айтымында, өткөн жылдын тогуз айында өлкөгө 5,5-6 миллион турист келген.
"Быйылкы тогуз айдагы көрсөткүчкө караганда, өлкөгө 6 миллиондон ашык турист келди. Бул былтыркыга салыштырмалуу 700 миңге көп", — деди ал.
Мындан улам салык катары түшкөн каражаттын суммасы дагы көбөйгөн. Мисалы, өткөн жылдын январь-сентябрь айында 9-9,7 миллион сом түшсө, быйыл ушул эле убакыт аралыгында 400 миллион сомго көп каражат алынган. Кенжематова ошондой эле туризмдин ИДПдагы үлүшү өсөт деген ниетте экенин билдирди.
Радио
Үсөн уулу: туризмди экономиканын бир бөлүгү катары караш керек