БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Кыргызстандагы банктар 20 миллиард 969,3 миллион сом таза киреше көрдү. Бул тууралуу Улуттук банк кабарлады.
Ал эми 2022-жылдын январь-октябрь аралыгында пайда 19 миллиард 728,8 миллион сомду түзгөн.
Улуттук банктын маалыматы боюнча, октябрдын аягына карата өлкөдө 23 банк жана алардын 320 филиалы иш жүргүзгөн.
Буга чейин КР Банктарынын союзу былтыр таза киреше рекорддук көрсөткүчкө жетип, 23,7 миллиард сомду түзгөнүн билдирген болчу. Бул 2021-жылга салыштырмалуу беш эсе көп сумма. Улуттук банктын маалыматы мындан айырмаланып, 23,1 миллиард деп көрсөтүлгөн. Бул эсептөө системасынын ар башкалыгына байланыштуу болушу мүмкүн. Мында башкы банк маалыматты бардык төлөмдөрдү эсептеп чыккандан кийин берген.
Белгилей кетсек, 2022-жылы марттан тарта таза киреше кескин көбөйгөн (айына 1 миллиард сомдон көп).