Алдамчылык, коррупция беренелери боюнча эскирүү мөөнөтүн алып салуу каралууда

Долбоордо материалдык зыяндын ордун толтурбаса ишти кыскартууга да жол бербөө сунушталган.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Шылуундар менен жемкорлордун кылмыш иши боюнча эскирүү мөөнөтүн алып салуу каралууда. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште экинчи окуудан өттү.
Бул Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелерине тиешелүү:
"Алдамчылык" (209);
"Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу" (210);
"Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк зыян келтирүү" (235) ;
"Коррупция" (336).
Долбоордо материалдык зыяндын ордун толтурбаса ишти кыскартууга да жол бербөө сунушталган.
Демилгечи депутат Ырысбек Атажанов бир жылда эле алдамчылык боюнча 20,5 миң арыз түшөрүн айтты. Ал эми шылуундар бир аз убакытка чет өлкөгө качып кетип кутулууда.
Учурда зыяны азыраак болсо 2 жыл, кесепети оор деп бааланса 10 жылдан кийин мындай иштерди жасаган кылмышкер жоопко тартылбайт.
ЖК депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши сотто кайрадан каралмай болду