Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ конгрессиндегилер Украинадагы кырдаалга Пентагонду күнөөлөдү

Буга чейин Ак үйдүн стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби АКШ өзүнүн согушка жарамдуу аскерлерин Россиялык күчтөр менен урушууга жиберүү ыктымалдыгын айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. АКШнын бийлиги Украинадагы чатактын уланышына жана анын Россия менен тирешип турушуна кызыкдар, ал эми Киевдин аскердик курактагы адамдары түгөнгөндө россиялык армия менен кармашууга америкалык аскерлерди жибериши мүмкүн. Бул туурасында Конгресстин Өкүлдөр палатасынын өкүлү Маржори Тейлор Грин айтканын РИА Новости жазды.
"Эгерде Вашингтон бир нерсени көздөп турса, ал — согуштун уланышы. Путин менен өздөрүнүн ниетиндегидей узакка кармашууну каалап турушат", — деген Грин Х социалдык тармагына онлайн чыгып сүйлөгөндө.
Гриндин айтымында, Украинанын согушка жарамдуу адамдары түгөнгөндөн кийин Америка бийлиги "кыязы, ал тарапка аскерге жарактуу эркектерди жөнөткөнү турат, себеби Россия менен кармашууну каалайт".
Буга чейин Ак үйдүн стратегиялык байланыштар боюнча координатору Жон Кирби АКШ өзүнүн аскерлерин эгерде РФ Украинада жеңсе, анда россиялык күчтөр менен согушууга жиберүү ыктымалдыгын айткан.
Россия Украинадагы аскердик операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин "бул Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо максатын көздөйт" деген. Ал атайын операция "башка жол калбай калгандыктан жасалгандыгын, коопсуздук жаатындагы тобокелдиктерден улам мындай кадам болгондугун" белгилеген. РФ лидеринин айтымында, Россия НАТО менен Европадагы коопсуздук жаатында 30 жылга чукул убакыт кепке келүүгө кадам таштап келген, бирок алдамчылык, калп же опуза, басым жасоо аракетине кабылып турган. Альянс Москванын каршылыгына карабай РФтин чек арасына жакындап, кеңейүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШда жүргөн Зеленский курал сурап Конгресске сес көрсөтүүдө