Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Убакыттан уттурду. АКШда Зеленский үчүн жакшы эмес жышана айтылды

Макгрегор кырдаалды жөнгө салуу үчүн Россиянын жаңы территорияларын таануу керек деген пикирде.
Sputnik
БИШКЕК, 13-дек. — Sputnik. Батыш менен Украина чырды токтотууда Россиянын ыгына көнүшү керек. Бул тууралуу Пентагон жетекчисинин мурунку кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегор Daniel Davis / Deep Dive YouTube каналына маек куруп жатып айтканын РИА Новости жазды.
"Россиянын бардык талабын угуп көрүш керек. Мунун эч кыйынчылыгы жок. Киевге пайдалуу шарт түзүлүшү үчүн башка мүмкүнчүлүк көрбөй турам. Көп адам өлүп кетти, кан суудай акты, убакыт да өтүп кетти", — деди ал.
Макгрегор кырдаалды жөнгө салуу үчүн Россиянын жаңы территорияларын таануу керек деген пикирде.
"Алгач согуш отун токтотуу керек. Андан кийин саясий жетекчилер чогулуп, аскер эксперттерин чакырып, картаны кайра чийип чыгуу кажет", — деген сунушун айтты полковник.
Эскерте кетсек, Россия сүйлөшүүлөргө даяр экенин бир нече ирет айтканы менен украин бийлиги ага мыйзам чегинде тыюу салып койгон. Кремль атайын операция Москванын артыкчылык берген багыты экенин белгилеп келет. РФ президенти Владимир Путиндин айтымында, Россия диалогдон эч качан баш тарткан эмес, бирок экинчи тарап да ага макул экенин билдириши зарыл.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
АКШ конгрессиндегилер Украинадагы кырдаалга Пентагонду күнөөлөдү