Садыр Жапаров жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрбөйт

Жапаров былтыр да мындай жыйынды уюштурган эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынын өткөрбөйт. Бул тууралуу анын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал муну президенттин тыгыз иш графигине байланыштырды. Айтымында, алдыда Элдик курултай, региондорго жана чет өлкөлөргө сапарлар, өкмөттүн жыйынтыктоочу отуруму болору күтүлүүдө.
"Иш сапарлар учурунда, курултайда жана министрлер кабинетинин жыйынында ЖМКларда жана коомчулукта талкууланып жаткан суроолор көтөрүлөт. Жооп дагы берилет", — деди Алагөзов.
Жыл соңунда президенттердин маалымат жыйынын өткөрүп, журналисттердин суроосуна жооп бериши салтка айланган. Бирок Жапаров былтыр да мындай жыйынды уюштурган эмес. 2021-жылы октябрда гана өткөргөн.
Мамкатчы Касмамбетов быйыл Курултай кандай өтөрүн айтты