Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Захарова: Зеленскийди Залужныйга алмаштыруу эч нерсени өзгөртпөйт

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Владимир Зеленскийди Украина Куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужныйга алмаштыруу кырдаалды өзгөртө албайт, анткени экөө тең Батыш мамлекеттеринин кол жоолугу. Мындай пикирин РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин Россиянын Чалгын кызматынын маалымат бюросу Брюссель Зеленскийдин ордуна Валерий Залужный, Кирилл Буданов, Андрей Ермак, Алексей Арестович жана Виталий Кличконун талапкерлигин карап жатканын кабарлаган.
"Зеленскийди Залужныйга, дегеле кимге болбосун алмаштыруу кырдаалды өзгөртө албайт, баары тең буларга ээлик кылган АКШнын колундагы куурчак. Анткен менен украин аскерлерин Вашингтондун кол жоолуктары менен салыштырып болбойт, булар эки бөлөк типке кирген адамдар", — деди Захарова.
ТИМ өкүлүнүн айтымында, улуттук саясатты ишке ашырган, Украинаны мамлекет катары, украиналыктарды улут катары карап, кызыкчылыкты көздөгөндөрдү гана украин аскерлери деп атоого болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФ ТИМи АКШ Москваны Киев менен сүйлөшүүгө мажбурлайт деген кепти сынга алды