БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Өкмөттөр аралык комиссия кыргыз-тажик чек арасынын 90 пайызын макулдашты. Бул туурасында кыргыз делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев билдирди.
Бүгүн Баткенде эки тараптуу комиссиянын жыйыны өтүп, анын жыйынтыгы боюнча эки өлкөнүн УКМК жетекчилери билдирүү жасаган.
Тажикстандын атайын кызматынын төрагасы Саймумин Ятимов эки өлкөнүн ортосунда жалпы кызыкчылыктар бар экенин айтты.
“Бүгүн өтө чоң иш жасалды, 120 чакырымдан ашык аралыкка жылдык, принципиалдуу маселелер макулдашылды. Эгер чек аранын жалпы узундугун ала турган болсок, 90 пайызын тактап бүттүк. Комиссия бул маселелерге өтө жоопкерчилик менен карап, элдин мүдөөсүнө дал келген мамлекет башчыларынын тапшырмаларын так аткарып жатат”, — деди Ятимов.
Өз кезегинде Камчыбек Ташиев тажикстандык кесиптешинин сөзүн тастыктады.
“Бир аз тилкелер гана калды, кудай буюрса, аларды дагы жакынкы күндөрү тактап, аягына чыгарабыз. Ал Кайрагач, Кулунду, Максат, Арка-1, Арка-2, Жаңы-Жерден Жийделикке чейинки тилкелер. Биз Карабак жана Ляккон (тажик айылы) боюнча үч өлкөнүн чегине чейин макулдаштык. Муну менен биз бардык талаштуу маселелерди чече алдык, буюрса дагы бир нече жолугушуу болот, анан мамлекеттик чек аранын баары жазылып бүтөт”, — деди Ташиев.