БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Өлкө башчы Садыр Жапаров Ош шаардык кеңеши ишенбөөчүлүк көрсөтүп жаткан мэр Бакытбек Жетигеновдун таламын талашты.
"Кабар" агенттигинин журналисти президент менен маектешип жатып шаардык кеңеш калаа башчысы Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүп, кызматтан кетүүсүн талап кылганын эске салып, бул чечимге кандай карай турганын сураган. Садыр Жапаров чечимди колдобой турганын айтып, бул маселени жакшы билерин белгилеген.
"Иштеп жаткан жетекчилерди өчөшүп алган депутаттардын жеке таарынычынан эле кызматтан алып "ыргыта" берсек эртең эч ким иштебей коёт. Мамлекеттик кызматтагы милдеттерин сапаттуу деңгээлде аткарбай коёт. Мен мындай учурларды дайыма жеке өзүм териштирип, абдан дыкат иликтегенден кийин анан адилеттүү чечим кабыл алам. Антпесем жакшы иштеп жаткан мамлекеттик кызматкерлерден ажырап калабыз", — деген Жапаров.
Ал оболу депутаттар мыйзамды сактап, адилеттүү болушу керектигин айтып мэр Оштогу башаламан курулуштун баарын иретке келтирип жатканын кошумчалаган.
"Албетте, андай иштер мыйзамсыз курулуш куруп алган депутаттарга жакпайт. Арасында коррупция менен жан баккан депутаттар да жок эмес. Мен азырынча алардын аттарын атабай эле турайын, учуру келгенде баарын атайм. Жерлерди, имараттарды мыйзамсыз алгандардан кайра мамлекетке кайтарып жатат. Баса, "мурдагы мэрлер чай берип турушчу эле" дешип, "анда-санда депутаттарды чогултуп чай берип турбайсың" деген дооматтары да бар экен. Ошончо депутатка чай бериш үчүн мэрдин бир айлыгын биякка коёлу, үч айлык эмгек акысы жетпейт. Анын баарына чай берип туруш үчүн мэриянын бюджетинен уурдаш керек. Демек, мурдагы мэрлер уурдап чай берип жүрүшкөн. Мындан ары чай дегенди унутуш керек. Элдин ырыскысын уурдап жегенден өздөрү уялбайбы", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы депутат болуш үчүн абройлуу эле адамдар "тууганым эле, досум эле, добушуңарды берип койгула" деп түтүнмө-түтүн кыдырганды токтотушу керектигин белгилеген.