Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи АКШ Москваны Киев менен сүйлөшүүгө мажбурлайт деген кепти сынга алды

ТИМ өкүлү АКШ эмне каалап жатканын өзү биринчи жакшылап түшүнүп алышы керек деген пикирде.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. АКШ 2024-жылы Россияны Киев койгон шартка ылайык Украина менен сүйлөшүүгө мажбурлоо ниетинде деген сөз — кезектеги болбогон кеп. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифинг учурунда билдиргенин РИА Новости жазды.
Эскерте кетсек, буга чейин АКШ президентинин кеңешчисинин орун басары Жонатан Файнер Америка 2024-жылы Россияны Украина менен сүйлөшүүгө аргасыз кылууга аракеттенерин айткан.
"Кезектеги сандырак кеп. Файнер буга чейин согушту биздин тил менен айтканда "акыркы украиналыкка" чейин жүргүзүү керектигин улам кайталап келген. Файнердин Киевдин шарты менен сүйлөшүү дегенинин артында эмне бар экенин эч ким түшүнгөн жок, эмне тууралуу айтып жатканы да белгисиз", — деди Захарова.
ТИМ өкүлү АКШ эмне каалап жатканын өзү биринчи жакшылап түшүнүп алышы керек деген пикирде.
Белгилей кетсек, сенаттагы республикачылар Ак үйдүн Украина, Израилге жана башка муктаждыктарга каражат бөлүү сурамын кароону бөгөттөп коюшкан. Өкүлдөр палатасы да тиешелүү долбоорду колдоого шашылган жок. Республикалык партиядан шайланган сенаторлор АКШ бийлигинен чек ара маселесине мамилени өзгөртүүнү талап кылып жатышат. Ал арада Ак үй Украинага делген жардам болгону бир нече жумага жетерин, андан кийин колдоо токтошу мүмкүн экенин улам айтып-деп келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Аскерий эксперт: Украинанын Батыштан келген техникасы жарактан чыга баштады