БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Тоо экосистемаларын сактоо глобалдык туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө маанилүү орунду ээлейт. Бул туурасында Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиева Нью-Йоркто Эл аралык тоо күнүнө карата өткөн иш-чарада билдирди.
ТИМдин маалымат кызматы ага Италия, Андорра, Боливия, Япония, Непал, Марокко, Азербайжан жана Тоолуу өлкөлөрдүн достору тобуна мүчө башка мамлекеттердин өкүлдөрү катышканын кабарлады. Бул топ 2019-жылы Кыргызстандын демилгеси менен түзүлгөн.
Жыйында Кыргызстан БУУда тоолор маселесин күн тартибине чыгарууда лидер болуп жатканын белгилешкен.
"Катышуучулар эл аралык конференцияларда жана форумдарда жалпы кызыкчылыктарды биргелешип алдыга жылдыруу боюнча пикир алышышты. Ошондой эле тоолуу өлкөлөрдүн аракеттерин координациялоо, глобалдык деңгээлде тоолорду туруктуу өнүктүрүүгө мындан ары да көмөктөшүү үчүн макулдашылган ыкмаларды иштеп чыгуу маселесин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Иш-чарага келгендер климаттын өзгөрүшүнө байланышкан көйгөйгө көңүл бурдуруу максатында уюштурган отурум үчүн ыраазычылык билдиришкен.
Эл аралык тоо күнү БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясына ылайык 2003-жылдан бери жыл сайын 11-декабрда белгиленип келет.