Мамкатчы Касмамбетов быйыл Курултай кандай өтөрүн айтты

Маалыматта "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө" жарлыгына ылайык, атайын же кошумча тизме түзүү каралбаганы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Быйыл Курултайга атайын ардактуу коноктор чакырылбайт, ал маселелерди реалдуу чечкен, жумуш алып барган аянтча болот. Бул тууралуу мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Элдик курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоону уюштуруу комитетинин жыйынында билдирди.
1 / 2

Быйыл Курултайга атайын ардактуу коноктор чакырылбайт, ал маселелерди реалдуу чечкен, жумуш алып барган аянтча болот

2 / 2

резиденттин маалымат кызматы тараткан кабарда аталган жыйынга комитеттин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеобайланыш аркылуу катышканын белгиледи

Президенттин маалымат кызматы тараткан кабарда аталган жыйынга комитеттин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү видеобайланыш аркылуу катышканын белгиледи.
"Акыркы күндөрү президенттин администрациясына айрым коомдук ишмерлерден Курултайга катышуу үчүн атайын тизме түзүү сунушу түшүп жатат. Бул жолку Курултайга атайын ардактуу коноктор чакырылбайт, Курултай маселелерди реалдуу чечкен, жумуш алып барган аянтча болот. "Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү" жарлыкка ылайык, атайын же кошумча тизме түзүү каралган эмес. Быйыл шайланган 700 делегат гана катышат. Анын ичинен республиканын бардык аймактарынан — 640, этностук өкүлчүлүктөрдөн — 30, чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынан 30 делегат келет", — деген Касмамбетов.
Маалыматта Курултайга делегаттардан сырткары Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү катышат.
Элдик Курултай 2023-жылдын 15-16-декабрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында өткөрүлөт.
Эскерте кетсек, 2022-жылы өткөн биринчи Курултайга 1 072 делегат катышып, ардактуу коноктор чакырылган.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Депутаттар эл мүдөөсүн эске алат деп тилейли. Касмамбетов туу тууралуу үн катты