Бишкекте "Кыргыз тулпарлары" көргөзмөсү жана жылкы аукциону өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бишкектеги "Ак-Кула" ат майданында 16-декабрь күнү адистештирилген "Кыргыз тулпарлары" көргөзмөсү жана жылкы аукциону өтөт. Бул туурасында Айыл чарба министрлиги билдирди.
Иш-чаранын максаты — Кыргызстандын чарбаларында өстүрүлгөн асыл тукум жылкылардын деңгээлин баалоо. Тажрыйба алмашуу, машыктыруучу курамдын спорттук ат чабыш маданиятын жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу.
Ошондой эле министрлик кыргыз фермерлерине жана малчыларына жылкы сатууга жардам берүүгө белсенген. Аны менен катар ата мекендик селекциядагы жылкыларды популяризациялоо жана аларды ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү көздөйт.
Көргөзмөнүн алкагында асыл тукум жылкыларды багуу менен алектенген саяпкерлер сыйланат.
10 миң гектар кунарсыз жайытты жакшыртууга Россиядан алынган үрөн себилди