Бишкекте SMM, бухгалтер, чач тарачтын акысыз курстарына каттоо башталды. Дареги

Каттоодон өтүү үчүн паспорт менен билим тууралуу документ керектелет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Борбор калаада SMM адиси, графикалык дизайн, бухгалтердик жана чач тарач боюнча акысыз курстарга кабыл алуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү башкармалыгы билдирди.
Окуудан өтүүнү каалоочулар жашаган жери боюнча, райондук жумушсуз жарандарды каттоо, иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү бөлүмдөрүнө кайрылса болот. Ал үчүн өздүгүн тастыктаган паспорт, эмгек китепчеси (эгер бар болсо) жана билимин тастыктаган документ керек.
Бөлүмдөрдүн дареги жана сурап-билүү номерлери:
Ленин жана Биринчи май райондук бөлүмдөрү: Бөкөнбаев көчөсү, 99, телефон: (0312) 30-36-86, 30-37-44;
Октябрь жана Свердлов райондук бөлүмдөрү: Токтогул көчөсү, 43, телефон: (0312) 43-47-65.
Бишкек менен Ошто мектеп окуучулары үчүн фестиваль өтөт