Бишкекте Евразия кайра камсыздандыруу компаниясынын жыйыны өттү

Евразия кайра камсыздандыруучу компаниясы 2022-жылдын 20-октябрында Ереванда түптөлгөн. Анын түзүүчүлөрү катары Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия эсептелет.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бишкекте Евразия кайра камсыздандыруу компаниясынын алгачкы жыйыны өттү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев катышканы белгиленди. Ал Евразия кайра камсыздандыруу компаниясынын башкаруучулугунун мүчөсү болуп саналат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев
"Компаниянын биринчи жыйыны видеоконференция режиминде өттү. Жыйында башкаруучулук кеңешинин, директорлор кеңешинин курамы боюнча маселелер каралып, иш регламенти бекитилди", — деп айтылат маалыматта.
Евразия кайра камсыздандыруу компаниясы 2022-жылдын 20-октябрында Ереванда түптөлгөн. Анын түзүүчүлөрү катары Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан жана Россия эсептелет.
Компаниянын уставдык капиталы 15 миллиард рублди түзөт.
Евразиялык интеграциянын деңгээли өсүүдө. ЕАЭБдин негизги маселелери айтылды