БИШКЕК, 11-дек. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында УКМКнын аталган облус боюнча башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өлкө башчы Баткен башкармалыгынын түзүлүшү УКМКнын кызматкерлеринин ак ниет кызматынын үзүрү жана үлгүсү экенин белгиледи.
Мамлекет башчы чек ара боюнча чечилбеген маселелер коңшу өлкөлөр менен жолго коюлуп келе жаткан дипломатиялык мамилелердин андан ары өнүгүшүнө кесепетин тийгизгенин белгиледи.
"Улуттук коопсуздук кызматынын Баткен башкармалыгы облус аймагына эл аралык деп эсептелген бандиттик уюмдар басып кирип, коомдук-саясий кырдаал татаалдашып турган аябай оор шарттарда иш алпарып келе жатат. Ошого карабастан республиканын түштүгүндө жаңы түптөлгөн түзүм мындай кысталыш кырдаалдан кыраакылык менен чыгууда. Тилекке каршы, башкармалык ушу кезге чейин өз кызматын эски бала бакчада аткарып келди. Эми берилип жаткан бүгүнкү заманбап имарат сиздерге белек болсун. Ошону менен бирге сиздердин Ата Мекенге берилүү менен кызмат кылууңуздарга өбөлгө болсун!" — деген Жапаров.
Ал бүгүнкү күндө Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги астында өлкөдө чырмалышып кеткен коррупция, контрабанда жана уюшкан кылмыштуу топтор менен айыгышкан күрөш жүрүп жатканын эске салды. Натыйжада Кыргызстанда, анын ичинде Баткен облусунда да байкаларлык өзгөрүүлөр болуп жатканын белгилеген. Сөз соңунда президент имараттын ак жолтой болушун тилеп, чекисттерге кажыбас кайрат, бекем эрк каалаган.