Бүгүн Баткенде Ташиев менен Ятимов жолугуп чек араны талкуулашты

Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Бүгүн, 12-декабрда, Баткенде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов жолукту. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
1 / 4

Бүгүн, 12-декабрда, Баткенде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен Тажикстандын УКМК башчысы Саймумин Ятимов жолукту.

2 / 4

Белгилей кетсек, Ташиев менен Ятимов эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагасы болуп саналат.

3 / 4

Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.

4 / 4

Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү белгиленди.

Белгилей кетсек, Ташиев менен Ятимов эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагасы болуп саналат. Алар кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелерин талкуулашты.
"Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер 2023-жылга карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык-укуктук жумушчу топторунун аткарган иштеринин жыйынтыгын талкуулашты. Калган аймактарда кыргыз-тажик чек арасынын долбоордук линиясынын өтүү сызыгын сыпаттап бүтүрүү боюнча ишти активдештирүүгө конкреттүү тапшырмаларды беришти", — деп айтылат маалыматта.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайда өткөнү белгиленди.
Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек ара маселеси жазында чечилип каларын айтты