Мэрия "Ала-Тоо" аянтындагы флагштокту жаңылоону көздөп ачык сынак жарыялады

Шартка ылайык, долбоорду 15-декабрга чейин "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына тапшыруу керек.
Sputnik
БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Мэрия "Ала-Тоо" аянтындагы флагштокту жаңылоонун эскизин иштеп чыгууга сынак жарыялаганын билдирди.
"Ачык сынак бир этап менен өткөрүлөт. Калыстар тобунун жана уюштуруу комитетинин мүчөлөрү катышуучу боло алышпайт. Долбоорлоо уюмдары, чыгармачыл топтор, сертификаты бар архитекторлор, дизайнер, сүрөтчү, скульптор жана башкалар күч сынап көрсө болот. Сынакка лицензиясы бар долбоорлоо уюмдарынын архитектуралык ишмердүүлүгүнө тиешелүү сертификаттары бар архитекторлор катышат", — деп айтылат маалыматта.
Сынак 11-декабрда жарыяланган. Шартка ылайык, долбоорду 15-декабрга чейин "Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасына тапшыруу керектиги айтылды. Калыстар тобу жеңүүчүлөрдү аныктаган соң сыйлык 22-декабрда тапшырыла турганы кошумчаланды.
Материалдарды тапшырууда суроо жаралса 0312-35-30-54 номерине чалса болот. Ал эми толук шарты менен мэриянын сайтынан тааныша аласыздар.
Кыргызстандын желегин өзгөртүү
Депутаттар эл мүдөөсүн эске алат деп тилейли. Касмамбетов туу тууралуу үн катты