Айтматовду окуп эл өз турмушун башка өңүттөн көрдү. Адабий сынчы менен маек

Чыңгыз Айтматов — бул океан. Ал адамзаттын жан дүйнөсүн мыкты изилдеген. Чыгармалары образдык, мифологиялык, философиялык жактан терең жана көп кырдуу.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинде филология илимдеринин кандидаты, адабий сынчы Аскар Медетов болду. Биз залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата повесттери тууралуу маек курдук.
Филология илимдеринин кандидаты, адабий сынчы Аскар Медетов
— Алгач Айтматовдун повесттерине токтоло кетсеңиз?
— Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы аңгеме жанрынан башталат. Анын алгач жарык көргөн макаласы "Оригиналдан алыс турган котормолор" деп аталат. Көп өтпөй көчөдө гезит саткан япон бала жөнүндөгү "Гезитчи Дзюйо" деген аңгемеси чыккан. Андан кийинки чыгармалары "Асма көпүрө", "Түнкү сугат" болуп эсептелет. Ушул аңгемелердин негизинде белгилүү адабиятчы, сынчы Кеңешбек Асаналиев Кыргызстан Жазуучулар союзунун пленумунда Айтматовдун аңгемелери кыргыз адабияты үчүн жаңылык экенин, каармандарды сүрөттөөдөгү новаторлугун, адамзаттын табиятын изилдей билүүсүн белгилеген. Бул — "Жамийла", "Бетме-бет" повестине чейинки окуялар. Москвадагы эки жылдык адабиятчылар курсунда окуп жүргөндө жаңы деңгээлге көтөрүлгөн. "Бетме-бет" повести анын чыгармачылык дебюту катары саналат. Мында демократиялык башталмалар, жаңылануулар кездешет. Ал согуштан качкан каарманды чагылдыруу менен совет адабиятына жаңылык алып келген. Ысмайыл аркылуу Сейденин жан дүйнөсүндөгү болуп жаткан эволюциялык процессти көрсөткөн. Ысмайыл согуштан качып келсе да Сейде сүйүнүп жатат. Мында улуттук көз караш да чагылдырылган. Анткени кыргызда эркектин сөзү кандай болсо ошондой кабыл алынган. Анан Тотойдун ую уурдалгандан кийин гана Ысмайылга көз карашы өзгөрө баштайт. Айтматов өзү муну дебюту катары атаганы менен профессионалдык жактан жетилген чыгарма болгон.
Ошол кездеги чыгармалардын деңгээли менен "Бетме-бетти" салыштырсак асман менен жердей айырма бар. Бул повесть адабиятта жаңы доордун башталышынан кабар берген. Ушундан кийин көркөм чыгарма жазууда турмушту реалдуу чагылдырууга багытталган атайын токтом кабыл алынган. Эркин көз караштагы эркин ойлонгон каармандар пайда боло баштаган.
— Айтматовдун жаратмандыгына анын турмушу да себеп болсо керек...
— Ооба, ал бала чагында кыйын турмушту башынан кечирип, согуштун оорчулугун тартты. Мунун баары ага прототиптерди түзүп берген. Турмуштук материалдар Айтматов үчүн даяр болгон. Согушту өз башынан өткөргөн үчүн ушунчалык реалдуу чагылдырган.
Аскар Медетов: "Бетме-бет" повести адабиятта жаңы доордун башталышынан кабар берген. Ушундан кийин көркөм чыгарма жазууда турмушту реалдуу чагылдырууга багытталган атайын токтом кабыл алынган. Эркин көз караштагы эркин ойлонгон каармандар пайда боло баштаган
— Айтматовдун чыгармаларын ким болбосун өз деңгээлине жараша кабылдайт. Кызыгып окуйт...
— Жазуучунун алгачкы чыгармалары "Бетме-бет", "Жамийла", "Саманчынын жолу" повесттери дээрлик согуш туурасында жазылган. "Жамийла" повестинде каарман өз сүйгөнүн бара-бара ачып жатса, "Делбирим" повестинде сүйүшүп баш кошкон жаштардын ажырашуусунан кийинки трагедияны ачып берүүдө. Ал эми "Гүлсарат" бүтүндөй эле бир доор. Башкача айтканда, согуш мезгилинен мурунку коллективдештирүү мезгили, анан согуштан кийинки учур чагылдырылат. Ушунун баарын ал көркөм анализдеген. Мисалы, Танабай сыяктуу жөнөкөй каармандар аркылуу тарыхый мезгилдин кыйынчылыктарын, кыйчалыш кезин ачып берип жатпайбы. Башка менталитеттеги чет мамлекеттиктер үчүн бул өзүнчө ачылыш. Танабай бийликке өмүр бою кызмат кылып, "бар" деген жагына барып, "аткар" дегенин аткарса да акыры партиядан чыгып калды. Бул өзүбүздүн окурмандар үчүн жаңычылдык болгон. Себеби өз турмушун башкача өңүттөн көрдү. Совет мезгилинде мындай чыгарманы эч ким күткөн эмес. Айтматовдун чеберчилиги менен гана жазылууда. Танабай өзү интеллектуал каарман, мамлекетти курууга өзү катышып, мамлекеттин келечегин ойлогон инсан. Аялы ооруп, бир жагынан мал багуу кыйындап турган жеке трагедиясына кызыгып койбогон мамлекеттик кызматкерлер келип доомат коюп, аны тилдеп жатат. Танабайдын күйбөгөн жери күл болот. Айтматов конфликтти калеми менен кура билген. Эч ким аны күнөөлөй алмак эмес. Ал турмушту тереңинен изилдеп, маселени ачык калтырып койду. Гүлсары Танабайдын образын толуктап турат. "Бетме-беттен" кийинки жазуучунун жаңы бийиктиги "Гүлсарат" повести болуп эсептелет. Ушундан кийин романдарына дарбаза ачылган.
Аскар Медетов: "Ак кеме" повестинин биринчи аталышы "Жомоктон кийин" болчу. Чыгармада баланын эки жомогу болгону айтылат. Анын бири өзү кыялынан курап алган ак кеме болсо, экинчиси таятасы айтып берген жомок
— "Эрте келген турналар", "Ак кеме", "Биринчи мугалим" повесттери аркылуу жазуучунун балдар дүйнөсүн мыкты ачып бере аларын байкасак болот...
— Айтматов балдар дүйнөсүнө "Ак кеме" повести аркылуу келген. Чыңгыз Төрөкуловичтен мүмкүнчүлүк болсо көзү өткөн кайсы инсан менен жолугууну каалай турганын сураганда Александр Твардовскийдин атын атаган. Ал киши жазуучунун чыгармаларын түшүнгөн, колдогондордун бири. Алгач "Новый мир" журналына "Обон" повестин алып барганда "Жамийла" деп атын өзгөрткөн да ошол болгон. "Жаныбарым Гүлсары" повестинин биринчи аталышы "Жоргонун жүрүшү" деп аталат. Аны да Твардовский "Кош бол, Гүлсары" деп сунуштаптыр. Баарыбыз билгендей эле "Ак кеме" повестинин биринчи аталышы "Жомоктон кийин" болчу. Чыгарманын түпкү маңызын түзүп турган жомок. Бирок ак кеме андагы символдордун бири. Бул атты да Твардовский сунуштаган. Ошол себептен Айматов замандаштарынын ичинен ушул киши менен жолугуу кыялын айткан экен. Улуу жазуучу кайсы чыгарманы жазса да терең изилдеген. Кыргыз тарыхын мыкты билген. "Ак кемеде" баланын эки жомогу болгону айтылат. Анын бири өзү кыялынан курап алган ак кеме болсо, экинчиси таятасы айтып берген жомок. Баланын энеси шаарга кетип, ал таятасынын колунда чоңоюп жатат. Бала билген эки уламыштын кагылышуусун чагылдырган. Ушул повести чыкканда орус, казак жазуучулары тарабынан сындар да жазылат. Баланын өлгөнүнө каршы болушат. Бирок аларга Айтматов өзү жооп берген. Шолоховго деле мындай сындар айтылган. Окурмандын ою менен боло берсе чыгарманын идеясы кайда калат? Бала тирүү калса повесть максатына жетпей калмак. Экинчиден, бала Бугу энеден бешик күткөн, жакшылык күтүп жаткан. Бирок баланын ошол ыйык туткан үмүтүн да талкалашып, Бугу энени өлтүрүп, этин жешкенин көрдү. Баланын кыялы кыйрап, трагедияга кабылды. Башкача айтканда, зомбулук. Бала ага каршы күрөшүп, экинчи кыялы ак кемесине, өзүнүн жомогуна кетип жатат.
Ал эми "Деңиз бойлой жорткон Ала-Дөбөт" повестинин идеясын жазуучу Михаил Сангиден алган. Ал Айтматовду үйүндө коноктоп, башынан өткөн окуясын жана нивх элиндеги уламышты айтып берет. Жазуучунун таасирленгенин байкап, окуяны мейманына белек кылган. Чыңгыз Айтматов чыгарма жазууда адамдын жан дүйнөсүн мыкты изилдейт. Чыгарманын идеясы — адамдын ыймандык жактан сыналышында жатат. Кичинекей кайык — бул биздин өмүр. Чакан эле чыгармадан адамзат жашаган өмүрүндө сынактан өтүп жатканын айтып, чоң философияны алып чыккан.
— Жазуучунун көзү өткөндөн кийин да эки чыгармасы жарык көрдү эле. Бул тууралуу эмне айтасыз?
— "Алтын жана кум" менен "Куюн" повесттери — бүтпөй калган чыгармалар. Аларга текстологиялык иликтөө жүргүзүү керек. Айтматов катардагы эле жазуучу эмес. Ал кишинин ар бир сөзү биз үчүн маанилүү. Бизге мурас. Башка тилде жарык көргөн чыгармалары да изилдениши керек. Айтматовдун көзү өткөндөн кийин басылып чыккан повесттерине, болгар жана башка тилдерде жарык көргөн чыгармаларына илимий мамиле керек. Түп нускасын изилдөө зарыл.
Бишкекте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган көргөзмө ачылды. Видео